Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин ПРЕСС-РЕЛИЗИ

3337

    2020-жылдын 28-октябрында (шаршемби күнү) Тегеранда Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич, Иран Ислам Республикасынын Межлисинин (Парламентинин) “Иран-Кыргызстан” Парламенттер аралык достук тобунун Төрагасы Али-Аскар ХАНИ менен  жолугушуусу  болуп өттү.
  Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз дипломаты ирандык парламентарийге акыркы  мезгилдеги Кыргызстанда болуп өткөн ички саясий окуялар туралуу, бийликтин  тынчтык жолу менен өткөрүлүп берүүсү, жаңы Өкмөттүн түзүлүшү жана учурдагы  Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө, ошондой эле Иран тарабына, өлкөдөгү кырдаал турукташып, мыйзамдуу жолго өткөнүн, өлкөдө Кыргыз Республикасынын учурдагы Конституциясына ылайык саясий процесстер, укуктук талаада өнүгүп жаткандыгы туралуу  маалымдады.
    Кыргыз Республикасы өзүнүн бардык эл аралык милдеттемелерин, анын ичинде Иран Ислам Республикасы менен буга чейин жетишилген эки тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды, анын ичинде кыргыз-иран Парламенттер аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу чөйрөсүндө толугу менен сактай тургандыгын  баса белгиледи.
    “Иран-Кыргызстан” Парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Али-Аскар Хани, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы ар кыл тармактардагы  мурунтадан бери келе жаткан достук мамилелерди жана кызматташтыкты жогору баалап, Кыргызстанда боло турган Парламенттик жана Президенттик шайлоолорду өткөрүүдө  ийгиликтерди жана ошондой эле  боордош Кыргызстан элине келечектеги чоң ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалоо менен, Парламенттер аралык байланыштарды жана кыргыз кесиптештери менен кызматташууну мындан ары дагы чыңдоого терең кызыгуусун жана даярдыгын билдирди.
   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Иран менен Кыргызстандын Парламенттер аралык тыгыз байланышын чыңдоого, иш сапарлары менен алмашууну жана Парламенттер аралык мамилелерди мындан ары өркүндөтүү максатында, өз ара аркеттенүүнү улантууга макулдашышты.
    Жолугушуу жылуу жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
    
 

  •       Кыргыз Республикасынын  Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин  ПРЕСС-РЕЛИЗИ

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK