2021-жылдын 22-23-май аралыгында Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Милан шаарына консулдук иш сапары менен келишти.

1050

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди кеңейтүү максатында Италия Республикасынын аймагында жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, 2021-жылдын 22-23-майында Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Милан шаарына консулдук иш сапары менен барышты. Сапардын жүрүшүндө Милан, Брешия, Турин, Бергамо, Генуя ж.б. шаарларында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтар жана консультациялар берилди.
Тактап айтканда, документтештирүүнүн ар кандай маселелери боюнча – жарандык (чет элдик) паспортторду, ички паспортторду (ID-карталарды), туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жаңыртуу боюнча 50дөн ашык адам кабыл алынган. Мындан тышкары, жарандарга нотариалдык кызматтар көрсөтүлдү - ишеним каттарды даярдоо жана берүү, ошондой эле Италия Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерине көрсөтүүнү талап кылган ар кандай маселелер боюнча бир катар консулдук маалымкаттар. Ошондой эле, консулдук иш сапарынын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери тарабынан консулдук каттоого туруу үчүн биометрикалык маалыматтарды кийин тапшыруу менен көп сандагы арыздар кабыл алынды, бул жарандардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу үчүн маанилүү.
Учурдан пайдаланып, Элчилик Миланда жана Италиянын түндүгүндө жашаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына Элчиликтин кызматкерлеринин иш сапарынын жүрүшүндө көрсөткөн активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин атынан «Кыргызстан-Италия» Улуттук Ассоциациясына (ANKI) жана анын Миландагы жетекчилери Бурмачач Томоева менен Маргарита Качиевага Миланга болгон иш сапарынын жүрүшүндө уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилет. .

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK