2022-жылдын 14-декабрында Римде Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Президентинин тышкы саясат боюнча Башкы кеңешчиси Фабио Кассезе менен жолугушуусу өттү

687

2022-жылдын 14-декабрында Римде Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Президентинин тышкы саясат боюнча Башкы кеңешчиси Фабио Кассезе менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-италиялык эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий жана маданий өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. 2023-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүү боюнча өз ара ниети ырасталды.

Элчи Т.Базарбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип, ошондой эле Кыргызстан Евробиримдиктин маанилүү мүчөлөрүнүн бири катары Италия менен ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ф.Кассезе кыргыз тарапты Римде Элчиликтин ачылышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуу аркылуу жана эл аралык уюмдардын алкагында Италия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө чоң кызыгуусун билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK