2022-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Депутаттар палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Джулио Тремонти менен жолугушуусу болуп өттү

829

2022-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Депутаттар палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Джулио Тремонти менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен, Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин тийиштүү комитеттеринин ортосундагы жолугушууларды жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу кызматташууну активдештирүү зарылчылыгы, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун тузүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Тараптар ошондой эле Борбордук Азиядагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, аймактык коопсуздук көйгөйлөрүн карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Италиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK