КРнын Улуттук инвестициялык агенттиктин Директору У.Темиралиев Италиянын Соода жана инвестиция агенттигинин “MADE IN ITALY” брендин жайылтууну координациялоо жана өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча бөлүм башчылары менен жолугушту

335

2023-жылдын 20-январында Рим шаарында Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин Директору У.Темиралиевдин Италиянын Соода жана инвестиция агенттигинин “MADE IN ITALY” брендин жайылтууну координациялоо жана өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча бөлүм башчылары М.Форте жана М.Масинин менен жолугушуу уюштурулду.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берилип, ошондой эле италиялык компанияларга Кыргызстандын рыногуна чыгуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кыргыз тарап бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиги билдирилди.

Өз кезегинде, М.Форте италиялык ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн кыргыз компаниялары менен коммерциялык байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, Италиянын соода жана инвестиция агенттигинин өкүлдөрүнүн бул жылы Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу маселесин карап чыгууга даярдыгын билдирди

Ошону менен бирге, 2023-жылдын 20-январында У.Темиралиев Элчиликтин имаратында италиялык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, анда бизнестин шарттары, салыктык преференциялар, ошондой эле Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорго берилген мамлекеттик кепилдиктер көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында италиялык компаниялар менен так байланыштар түзүлүп, мындан ары кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK