Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италиянын депутаттар Палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана менен жолугушту

159

2024-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италияга болгон иш сапарынын алкагында Италиянын депутаттар Палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-италия парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана билим берүү тармагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү максатында, кыргыз тарап комитеттердин жана парламенттердин аппараттарынын деңгээлинде байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу, Министр Жээнбек Кулубаев тарабынан Италия Парламентинин депутаттары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын достук тобун түзүү сунушталды, бул эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана парламент жетекчилигинин деңгээлинде иш сапарларды уюштуруу үчүн негиз боло алат.

КР ТИМ башчысы Ж.М. Кулубаев, парламенттер аралык түз байланыштар жана өз ара иш сапарлар эки өлкө парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө гана өбөлгө түзбөстөн, Кыргызстан жана Италия элдеринин ортосундагы достуктун көпүрөсү боло алат деп белгиледи.

Италиянын Депутаттар палатасынын спикери Л. Фонтана кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча биргелешкен кыргыз-италиялык долбоорлорду ишке ашырууга зарыл болгон колдоо жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда, Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин Европа Биримдигинин, Европа Парламентинин жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK