Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италия Республикасынын Президентинин дипломатиялык кеңешчиси Фабио Кассезе менен жолугушту

157

2024-жылдын 29-майында Римде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италия Республикасынын Президентинин дипломатиялык кеңешчиси Фабио Кассезе менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин күн тартибинин актуалдуу темалары, атап айтканда, саясий диалогду бекемдөө жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Италия Президентинин дипломатиялык кеңешчиси Фабио Кассезе өлкөлөр ортосундагы саясий байланыштардын активдешүүсүн оң маанайда белгилеп, италиялык тарап Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Италиянын Европа Биримдигиндеги маанилүү ролун белгилеп, биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да кеңейишине үмүттөнөрүн белгиледи. Ал, Кыргызстан Италия менен кызматташууну мындан ары да эки тараптуу негизде, ошондой эле ЕБ жана эл аралык уюмдардын алкагында өнүктүрүүгө ниеттенгенин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK