Чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган депутаттардын шайлоосу

4457

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сиздерге төмөнкүлөрдү билдиребиз:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын алдыдагы парламенттик шайлоосуна катышуу үчүн Элчиликте консулдук каттоодон жана биометрикалык каттоодон өтүшү керек.

Мурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматтарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жөнөтө алышат.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке жеке жана дистанттык түрдө каттала алышат.

Эгер консулдук реестрге катталуу үчүн жеке түрдө кайрылса, сүрөтүн жана Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту менен каттоо карточкасын берүү керек.

Консулдук каттоого дистанттык түрдө кайрылса, Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган документтердин тизмесин сканерленген түрүндө (түстүү сүрөт электрондук түрдө берилет) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин расмий электрондук дарегине жөнөтө алышат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган каттоо картасын анын электрондук версиясын чет өлкөдөгү мекеменин расмий веб-сайтынан жүктөө аркылуу толтурушат.

2. Консулдук каттоодон өткөн жана 2020-жылдын 8-июлуна чейин биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 15-июлунан тартып (добуш берүү күнүнө 80 календарлык күн калганда) шайлоочулардын жаңыланган алдын ала тизмеси менен www.tizme.gov.kg веб-сайтында таанышууга, ошондой эле 2020-жылдын 25-июлунан тартып Kыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде болушат.

4. Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, участоктук шайлоо комиссиясына №2 форма боюнча арыз берүү менен, жашаган жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү үлгүдөгү арыздарды 2020-жылдын 19-сентябрына чейин (добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен) берүүгө укуктуу.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK