2020-жылдын 14-декабрындагы Элчиликтин пресс-релизи

3389

2020-жылдын 12-декабрында Пекин шаарында он-лайн форматында “Сүйүүнүн чеги жок” аттуу Кытайдын Тышки иштер министрлигинин тарабынан жана КЭРдин Мамлекеттик Кеңешчинин мүчөсү, Тышки иштер министринин жубайы Цянь Вэйдин демилгеси менен 12-жылдык кайрымдуулук көргөзмөнүн ачылыш аземи өткөрүлдү.

Кайрымдуулук көргөзмө “Таобао” электрондук сатуу платформасында бир жумага узартылат. Кыргызстандын Элчилиги жана башка дипломатиялык өкүлчүлүктөр бекер түрүндө өздөрүнүн азембелек жана башка азыктардын түрлөрүн он-лайн сатууга беришти. Сатылып алынган каражаттар Юньнань провинциясынын Цзиньпин жана Малипо эки уездинин балдарына жардам көрсөтүүгө сарпталат.

Чарада Пекин шаарындгы элчиликтердин, эл аралык уюмдардын, ири кытай ишканаларынын жана финансылык мекемелердин 130 өкүлдөрү катышты. КЭРдин Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Тышки иштер министри Ван И жана анын жубайы Цянь Вэй куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ван И бирдиктүү аракеттердин жардамы менен көргөзмө Кытайдагы жана чет мамлекеттердеги бардык коомдук катмарлардын кайрымдуулугун көрсөтүүчү платформага, ар кайсы өлкөлөрдүн салттарын, тарыхын, маданиятын түшүнүү үчүн терезеге жана кытай элинин башка өлкөлөрдүн элдери менен достугун бекемдөөчү көпүрөгө айланганын белгиледи. “Сүйүүнүн чеги жок” кайрымдуулук көргөзмө Кытайдагы жакырчылыкты жоюу боюнча мамлекеттик программасы менен да айкалыштырылат. Министр Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана көңүлү кош карабаган адамдардын чарада активдүү катышуусуна жана алардын жаңы салымын кошуусуна үмүт кылды.

Цянь Вэй кайрымдуулук көргөзмөнүн 11 жылдан бери өткөрүлүп, үстүбүздөгү жылда COVID-19 коронавирус эпидемиясынына карабастан өткөрүүнүн зарылдыгын билдирди. Кезектеги көргөзмө биринчи ирет “булуттуу” тиркемеде өткөрүлөт. Цянь Вэй кайрымдуулук көргөзмө мындан да көп сүйүүнү жана камкордукту бириктирип, Кытайдагы жакырчылыкты жоюуга салым кошуусуна үмүт кылды.

Чаранын алкагында элчиликтер музыкалык номерлерди коюшту, кыргыз тарабы эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, кыргыз артисти Дүйшөнбек уулу Закирбектин аткаруусундагы Атай Огонбаевдин “Ак тамак, көк тамак” чыгармасын көрсөттү.

  • 2020-жылдын 12-декабрында Пекин шаарында он-лайн форматында “Сүйүүнүн чеги жок” аттуу Кытайдын Тышки иштер министрлигинин тарабынан жана КЭРдин Мамлекеттик Кеңешчинин мүчөсү, Тышки иштер министринин жубайы Цянь Вэйдин демилгеси менен 12-жылдык кайрымдуулук көргөзмөнүн ачылыш аземи өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK