Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Шэньси провинциясынын губернатору Чжао Иде менен жолугушту

2887

Кытай Эл Республикасына болгон иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Шэньси провинциясынын губернатору Чжао Иде менен жолугушту, ал жерде "Борбордук Азия-Кытай" тышкы иштер министрлеринин  Экинчи жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын региондору менен Шэньси провинциясынын ортосундагы соода жана электрондук коммерция, саламаттык сактоо, билим берүү, гуманитардык алмашуу, туризм, Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону илгерилетүү жаатында кызматташуу, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына Шэньси провинциясынан инвесторлорду тартуу маселелерин талкуулашты.
Чүй облусу менен Шэньси провинциясынын, Ош менен Сиань шаарларынын, Москва району менен Янлин айыл чарба демонстрациялык зонасынын ортосунда орнотулган боордоштук мамилелерди бекемдөөнүн гана эмес, ошондой эле жаңы бир туугандык мамилелерди түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Региондор аралык кызматташтык Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгесинин илгерилетүүгө гана өбөлгө түзөт.
Кыргыз тарабы Шэньси провинциясынын Элдик Өкмөтүнө жана Сиань шаарына кыргыз тарапка COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

  • Кытай Эл Республикасына болгон иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Шэньси провинциясынын губернатору Чжао Иде менен жолугушту, ал жерде

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK