КЭРдин виза жана өлкөгө кирүү саясатындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтык билдирүү

251

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин ушул жылдын 14-мартындагы "WeChat" соцтармактагы расмий аккаунтунда жарыяланган маалыматка ылайык, Кытай жана башка мамлекеттердин ортосундагы адамдардын жүрүүсүн андан ары жеңилдетүү максатында Кытай тарап 15-жылдын 2023-мартынан тартып Кытайга келген чет өлкөлүк жарандардын виза жана кирүү саясатына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алган:

1. 2023-ж. 15-мартынан баштап, 2020-жылдын 28-мартына чейин берилген жана мөөнөтү бүтө элек визалардын функциясы калыбына келтирилет (башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан баштап, Кытайга 2020-жылдын 28-мартына чейин берилген мөөнөтү бүтө элек визалар менен кирүүгө болот);

2. 2023-жылдын 15-мартынан баштап Кытайдын чет өлкөдө жайгашкан виза берүүчү мекемелери Кытайга бара жаткан чет өлкөлүк жарандарга КЭР визаларынын бардык категорияларын кароону жана берүүнү кайрадан улантат;

3. Кытайдын чек ара аймактарында виза берүү мекемелери чек ара визаларынын бардык түрлөрүн кароону жана берүүнү кайрадан улантат.

4. Хайнань аралына визасыз кирүү саясаты жана круиздик кемелердин жүргүнчүлөрү үчүн Шанхайга визасыз кирүү саясаты, ошондой эле Гонконг жана Макаодон келген чет элдиктер үчүн Гуандун провинциясына визасыз кирүү, ошондой эле АСЕАН өлкөлөрүнөн келген туристтик топтор үчүн КЭР Гуанси-Чжуан автономиалык районун Гуйлинь шаарына визасыз кирүү кайрадан улантылынат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK