Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү

4479

2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү деп аныктады.

Учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү чет өлкөлөрдөгү участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү үстүндө иштеп жатышат. Шайлоо комиссиясынын курамын ачык жана бейтарап түзүү максатында Элчилик бул маалыматты Элчиликтин расмий сайтында жарыялоону чечти.

Шайлоо комиссиясынын курамы түзүлгөндөн кийин, БШКнын бекитүүсүнө жөнөтүлөт. Комиссия 2020-жылдын 4-октябрында болжол менен эртең мененки саат 07.00дөн 23.00гө чейин иштейт. Ошол эле учурда, добуш берүү процессинин жана добуш эсептөө бардык убагында комиссиянын мүчөлөрүнүн шайлоо участогунда туруктуу жана үзгүлтүксүз болушунун зарылдыгына көңүл бурабыз. Комиссиянын курамын түзүүнүн эң маанилүү шарты - комиссия мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болушу керек.

Кытай Эл Республикасындагы Кыргызстандын жарандары үчүн бир шайлоо участогу - Пекиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин имаратында түзүлгөндүгүн билдиребиз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле шайлоо комиссиясынын курамын түзүүнүн кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен, Элчилик шайлоо комиссиясынын курамына кирүү арыздарыңызды 2020-жылдын 6-июль күнү бүткөнгө чейин Элчиликтин электрондук дарегине (kgembassy.cn@mfa.gov.kg) жөнөтүүнү суранат (аты-жөнү, туулган жылы, паспорттун көчүрмөсү, жашаган дареги).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK