Бишкекке Кытайдан Кыргыз жарандары келишти

4654

Бүгүн, 17-июлда «Zhejiang Loongair Airlines» авиакомпаниясынын Сиань-Бишкек каттамы менен Кыргыз Республикасынын 100 жараны келди. Келген жарандардын көбү Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциянын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кытай мамлекетинде жашаган бардык кыргыз жарандарына даректүү телефон аркылуу байланышуудан кийин Кыргыз Республикасынын Кытайдагы чет элдик мекемелери менен байланышта болгон жарандардан түзүлгөн.

Жыйынтыгында, Кытай мамлекетинде жашаган 380 кыргызстандыктардын ичинен 100 жаран мекенине кайтууну каалашкан. Алар Бишкекке кайтуу үчүн Кытайдын 40тан ашык шаарларынан Сиань шаарына чогулушкан. Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмесине аталган каттам менен кайтууну көздөгөн бардык жарандар кирген.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарын жөнөтүү боюнча бардык маселелерди чечүү максатында КЭРдин тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен керектүү иштерди жүргүздү.

  • Бүгүн, 17-июлда «Zhejiang Loongair Airlines» авиакомпаниясынын Сиань-Бишкек каттамы менен Кыргыз Республикасынын 100 жараны келди. Келген жарандардын көбү Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK