Жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытайдын Куньмин шаарында өткөн ШКУ мүчө-мамлекеттердин Үчүнчү эл аралык марафондо коло медалга ээ болду.

6442

ШКУнун Үчүнчү Куньмин эл аралык марафону жекшемби 2-декабрда болуп ѳттү. Марафондо 52 өлкөдѳн жана региондордон 20 миңден ашык адам катышты. Мелдештерге 42 км (марафон), 21 км (жарым марафон), 7 км жана 2,6 км чуркоолор киргизилген.

Кыргызстандан марафонго жеңил атлетчилер Дарья Маслова жана Адилет Кыштакбеков катышышты.

Д.Маслова марафонду 2 саат 40 мүнѳт 57 секунда натыйжа менен аяктап, аялдар ичинде үчүнчү орунга ээ болду. Адилет Кыштакбеков биринчи он адамдын катарына кирип, натыйжада 2 саат, 33 мүнөт, 12 секунда менен тогузунчу болуп чуркап келди.

Бул марафон атлеттерибиздин кезектеги ШКУ марафону болду. Дарья 2016-жылы күмүш медалга ээ болгон, ал эми Адилет 2017-жылы марафондун жеңүүчүсү болгон.

Биздин атлеттерибиз эфиопиялык жана кениялык атлеттерге утулуп калышты. Эркектер жана аялдардын марафонунда Эфиопиянын ѳкүлдѳрү жеңишке ээ болушту. Жеңил атлеттер Белай Олкеба Йене жана Гетисо Цэхай Гебрэ 42,145 километрди 2 саат 20 мүнөт 49 секунд жана 2 саат 35 мүнөттѳ чуркап ѳтүштү.

Кыргыз спортчуларды Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин ѳкүлдѳрү Куньмин шаарына келип колдошту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK