Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 21-майындагы маалыматтык билдирүүсү

2774

Жалпыга маалымдоо каражаттарында орун алып жана социалдык тармактарда тарап жаткан Сауд Арабияда жүргөн  Кыргыз Республикасынын жараны Д.А. “жардам сурап жана анын үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондугу” тууралуу видео кайрылуусу боюнча Кыргыз Республиксынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги төмөндөгүнү билдирет.
 

Элчилик буга чейин Д.А. жашаган жериндеги (колдо болгон маалыматка ылайык, Даммам облусу, Аль-Хобар шаары, Азизия району, Аль-Хамра) полиция башкармалыгына аталган маселе боюнча иликтөө иштерине жана тийиштүү маалымат алууга, ошондой эле  жаран Д.А. менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен расмий кат жолдоо менен бирге телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
 

Аталган маселенин алкагында, Элчилик жергиликтүү бийлик органдары менен байланышта болуп, тийиштүү иш-чараларды аткарууну улантууда жана аталган меселе дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK