КРдин Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Мажлис Аш-Шурасынын Онунчу Комитетинин Төрагасы Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

1635

2022-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламент) Онунчу Комитетинин Төрагасы, Сауд Арабия – Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири жана аталган Комитеттин мүчөлөрү менен видео байланыш форматында жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толорун канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын, ошондой эле кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу багыттарын жана парламенттер аралык байланыштарды талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Али бин Мухаммад Аль-Асири Сауд Арабиянын жетекчилиги жана Парламенти Кыргыз Республикасы менен достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Элчи У.Марипов 2022-жылдын май айынын үчүнчү декадасында Сауд Арабиянын парламенттик делегациясынын башында турган “Сауд Арабия - Кыргызстан парламенттик достук тобунун” жетекчиси Али бин Мухаммад Аль-Асиринин Кыргыз Республикасына боло турган иш сапарын кубаттап, ушул сапарга байланыштуу мазмундуу жана уюштуруучулук маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар үзгүлтүксүз негизде түз байланышты улантып турууну макулдашты.

Маалымат катары: Сауд Арабиянын Мажлис Аш-Шурасынын Онунчу комитети 13 мүчөдөн турат. Парламенттер аралык достуктун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларга төмөнкү мамлекеттер кирет: БАЭ, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Йемен, Кытай, Корея Республикасы, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK