КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев САПтын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдулмухсин Аль-Фадли менен жолугушту

1088

2022-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында САПтын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын саудиялык тараптан теңтөрагасы Абдурахман бин Абдулмухсин Аль-Фадли менен жолугушту.

Тараптар ортодогу кызматташтыктын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташууну тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Эки өлкөнүн соода мамилелерин өнүктүрүүгө ошондой эле үстүбүздөгү жылы биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жана Кыргыз Республикасында инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз тараптын САПка ата мекендик өндүрүштөрүн экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына токтолду.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибинин маанилүү маселелери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык кризис боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга күч-аракеттерди жумшоону жана дайыма байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK