Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Мариповдун Аль-Касым провинциясынын Губернатору Ханзаада Файсал бин Мишаль Аль-Сауд менен жолугушуусу болуп өттү

162

2023-жылдын 28-мартында Бурайда шаарында, Аль-Касым провинциясы, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун Аль-Касым провинциясынын Губернатору Ханзаада Файсал бин Мишаль Аль-Сауд менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, туризм жана ишкердик байланыштарды күчөтүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыгынын жогорку деңгээлин жана өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен, Элчи У.Марипов жана Ханзаада Ф.М.Аль-Сауд Ош облусу менен Аль-Касым провинциясынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Буга байланыштуу, тараптар боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун илгерилетүү боюнча тыгыз ишти улантууну макулдашышты.

Соңунда Элчи У.Марипов Ф.М.Аль-Саудду өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Маалымат үчүн: Аль-Касым провинциясы Сауд Арабиянын 13 провинциясынын бири болуп, өлкөнүн негизги айыл чарба аймагы болуп саналат. Ал курма, буудай, жүзүм, лимон, апельсин, грейпфрут, анар жана түрдүү жашылчаларды өндүрүү менен белгилүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK