КР ССМ, ТИМ, Транспорт жана жолдор, ИИМ, Мамлекеттик чек ара кызматы, Бажы кызматы жана «Эл аралык «Манас» ААКнын биргелешкен буйругу

4178

КР ССМ, ТИМ, Транспорт жана жолдор, ИИМ, Мамлекеттик чек ара кызматы, Бажы кызматы жана «Эл аралык «Манас» ААКнын биргелешкен буйругуна ылайык, чек өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өтүү алгоритмдери иштелип чыгып, бекитилди

✈ "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда КРнын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө:
🔹 Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар учууга катталып жатканда, ПЦР- изилдөөнүн жыйынтыгын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө көрсөтүшөт. Бортко коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок жана акыркы 72 саатта коронавируска аныктоо үчүн жасалган ПЦР тестинин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкаты бар адамдар гана кирүүгө уруксат. ПЦР тесттеринин бар экендигин текшерүү СКП кызматкерлери тарабынан учактын бортунда/аэровокзал комплекстеринин учуу залында жүргүзүлөт.

🔹 Бортто жарандардын арасында анкета жүргүзүлөт, келгенден кийин, анкеталар СКПнын кызматкерине өткөрүлүп берилет.

🔹 Борт коштоочулары тарабынан, бортто COVID-19 шектелген жүргүнчүнүн / жүргүнчүлөрдүн болушу жөнүндө маалымат алынгандан кийин, шектелген бул жүргүнчү/жүргүнчүлөр, ошондой эле алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан жүргүнчүлөр жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө алынышат.

🛫  Ички каттамдар үчүн:

🔹 Бортто коронавирустук инфекцияга шектелген жүргүнчүнүн/жүргүнчүлөрдүн бар экендиги жөнүндө маалыматты алганда, бул жүргүнчү/жүргүнчүлөр, ошондой эле алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан  жүргүнчүлөргө байкоо жүргүзүлүп, андан ары медициналык байкоо жүргүзүү үчүн, обсервацияга жана өзүн-өзү изоляциялоого алынышат. 

✈️  Эл аралык жана ички каттамдар үчүн:

🔹 Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана учакка отурар алдында аэропорттордун кызматкерлери, ИИМ, СКП жана Транспорттогу мамсанэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери "социалдык аралык” принцибинин так сакталышын жана беткап режимин көзөмөлдөшөт, ал эми учуу учурунда көзөмөлдөө учактын экипажы тарабынан жүзөгө ашырылат.

🔹 Учак КРнын эл аралык аэропортторуна келгенден кийин, СКП кызматкерлери учактын бортунда/аэровокзал комплекстеринин учуу залында дене табын өлчөшөт. Жүргүнчүлөрдөн жана экипаж мүчөлөрүнөн арасынан клиникалык белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл ж.б.) аныкталса, ооруканага жаткыруу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган ооруканаларга нөөмөттө турган тез жардам кызматы тарабынан жеткирилип, ооруканага жаткырылат. СКП кызматкерлери санитардык аянтта учактын бортун толугу менен дезинфекциялашат. 

🔹 Клиникалык белгилери жок адамдар андан ары дареги боюнча баруу үчүн өткөрүлөт. 

❗ Эскертүү: 
🔺 ПЦР тесттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн талап кылынбайт, бул жарандар үчүн Кыргыз Республикасына келгенден кийин, 14 күн жашаган жана жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө өзүн изоляциялоо режимин сактоо талап кылынат;

🔺 эгерде зарыл болсо, коронавирустук инфекцияга шектелген жакын адамдар менен байланышкан адамдардын тизмеси, "Манас" эл аралык аэропорту аба каттамындагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин андан ары медициналык көзөмөл үчүн СКПнын кызматкерлерине өткөрүп берет;

🔺 учуу жана кечигип учуу менен байланышкан себептерден улам ПЦР изилдөөсүнүн жарактуулук мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам келген жери боюнча ПЦР тестинен өтүшү керек. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK