КРнын Индиядагы Элчилигинин пресс-релизи 2019-жылдын 5-апрели

5955

2019-жылдын 4-апрелинде RIS (Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн илимий-изилдөө жана маалымат системасы) илимий-изилдөө борборунда дипломатиялык корпустун, илимий-изилдөө борборлордун, журналисттердин, бизнес-чөйрөнүн катышуусу менен "Индия-Борбор Азия: салттуу байланыштар жана өнөктөштүктү өнүктүрүү" аттуу семинар өттү.

Семинарда мурдагы жана азыркы Индиянын Борбор Азиядагы элчилери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Индиядагы элчилери сөз сүйлөштү.

КРнын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Асеин Исаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өсүп жаткан жана интенсивдүү эки тараптуу байланыштарын, "Индия-Борбор Азия" Диалогунун жаңы кызматташтык форматын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал соода-экономикалык мамилелеринин келечегин, ошондой эле жогорку денгээлде боло турган иш-чараларды белгилеп өттү.

Катышуучулар өлкөлөр арасында маалыматтын жетишсиздигин, транспорттук логистиканын татаалдыгын, өз ара соода жүргүзүүдөгү тарифтик жана башка жалпы көйгөйлөрдү баса белгилешти.

Ошол эле учурда, Борбордук Азия өлкөлөрүнө барып келген дипломаттар менен эксперттер Кыргызстандын жана башка Борбордук Азия өлкөлөрүнүн көңүлгө ыңгайлуулугун өзгөчө белгилешти.

Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалдан улам авиа-каттамдардын туруксуз жана ишенимсиз болуп жаткандагына байланыштуу, андан ары Борбордук Азияга жол каттамы менен чыгуу максатында Мумбай жана Чабахар деңиз каттамын альтернатива катары өнүктүрүүнүн зарылчылыгы белгиленди.

Бул контекстте, темир жол каттамын пайдалануу жана "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридор долбоорунун келечекте өнүктүрүү зарылчылыгы айтылды.

Катышуучулар жалпы шериктештикти өнүктүрүү үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин жана ШКУнун потенциалын жана мындан аркы кызматташууга маанилүү күн тартибин түзө турган Индиянын ШКУдагы ролун талкуулашты.

Туризм, фармация тармагы, студенттер менен алмашуу жана элдер ортосундагы кызматташууну жана байланыштарды көбөйтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Семинардын жыйынтыгы боюнча Борбордук Азия жана Индия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу максатында мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү боюнча бир пикирге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK