Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Индиянын мамлекеттик жана жеке компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушту

2456

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында «Индия-Борбордук Азия» (Нью-Дели) Диалогунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Индиянын «THDC India Limited», «Rail Vikas Nigam Limited», БРИКС Соода-Өнор жай Палатасы, «Power Engineering Pvt Ltd», «Generation Next Group» ж.б. мамлекеттик жана жеке компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда Министр өлкө жетекчилиги тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду, ошондой эле Кыргыз Республикасына инвестициялоонун бир катар артыкчылыктары тууралуу айтып, муну менен индиялык ишкерлерди Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууга чакырды. Бул контекстте жеңилдетилген салык режимдери, Кыргыз Республикасынын ДСУга жана ЕАЭБге мүчөлүгү ж.б.белгиленди. Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда.Учурда 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен.(январь-сентябрь) Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүү 39,5 млн долларды, Индиядан келген инвестиция 687 миң долларды түздү.

Тараптар ошондой эле гидроэнергетика, саламаттыкты сактоо жана транспорт-коммуникация тармагындагы конкреттүү долбоорлорго өзгөчө басым жасоо менен экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн потенциалын талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Индияга боло турган иш сапарынын алкагында аталган компаниялардын өкүлдөрү кыргыз-индия бизнес-форумун уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катыша тургандыгы тууралуу макулдашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз бизнес байланыштарды түзүү боюнча иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK