PHD Соода-өнөр жай палатасынын (Индия) теңтөрагасы жетектеген индиялык делегациянын КРга иш сапарын

1239

Экономикалык дипломатияны илгерилетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 9-февралындагы “Кыргыз Республикасында Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги менен биргеликте PHD Соода-өнөр жай палатасынын (Индия) теңтөрагасы Сантош Кумар жетектеген индиялык делегациянын иш сапарын уюштурду.

Бул сапардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-мартында «Рамада» мейманканасында (Бишкек) жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө индиялык делегацияны фармацевтика, медициналык туризм, медициналык мекемелер (клиникалар, ЖОЖтор), текстиль, чай, кофе, туризм жана бизнестин башка тармактарынын 24 өкүлү катышты.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын кеңири спектрин көрсөткөн ишкерлер: саламаттыкты сактоо, билим берүү, жеңил өнөр жай, Фармацевтика өндүрүүчүлөр ассоциациясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Исаев өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке менчик медициналык мекемелерине Индиядан келген медицина тармагынын өкүлдөрү менен тыгыз байланыш түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Индиянын ооруканалары биздин жарандарды Индияда дарылоону оптималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасында өз өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдар болуп жаткандыгы өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде Индиялык делегациянын башчысы С.Кумар кызматташтыкты түзүүнүн негизги пункттарына токтолуп, Кыргыз Республикасынын ишкерлерин индиялык компаниялар сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Индиянын бизнес өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тартууланды, атап айтканда, медицина тармагына инвестиция тартуу маселелери, фармацевтика өндүрүүчү заводдорду куруу жана Кыргыз Республикасында индиялык клиникаларды ачуу талкууланды.

Иш-чаранын алкагында В2В форматында жолугушуу уюштурулуп, анда тараптар орун алган сунуштарды жана маселелерди олуттуу талкуулай алышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын биргелешип өнүктүрүүнү макулдашты жана бир катар компаниялар кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK