Спорт Кыргызстан менен Индиянын достук мамилелерин чыңдайт

3226

2019-жылдын 12-сентябрында Индия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаевдин Индиянын жаштар жана спорт боюнча министри Кирен Риджиджу менен жолугушуусу болуп өттү.

Элчи А.Исаев Министр менен болгон маектешүү учурунда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий, ошондой эле спорттук байланыштарды активдештирүүнүн жана чыңдоонун ролу абдан маанилүү экенин баса белгилей кетти. Кыргызстандын жана Индиянын кызматташууну, тажрыйба жана билим алмашууну илгерилетүүдө жаштар жана спорт иштери боюнча мамлекеттик органдарынын өз ара тыгыз иш алып барып жатканын белгиледи.

Мисал катары Элчи ушул күндөрү өтүп жаткан Индиянын жаштар делегациясынын Кыргызстанга жооп иретинде жасаган иш сапары жана ү.ж. 10-сентябрынан тартып 16-сентябрына чейин чоң кишилер, жаштар жана юниорлор арасында өтүүчү Индиядагы самбо-2019 боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын спорттук делегациясынын катышуусу тууралуу айтып өттү.

Ошондой эле Элчи А.Исаев жана Министр К.Риджиджу жаштар саясаты жана спорт чөйрөсүндө кыргыз-индия эки тараптуу кызматташуусун андан ары бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.

Тараптар биргелешкен спорттук иш-чараларды, анын ичинде улуттук спорттун түрлөрүн өткөрүү жана сапар алмашуу алкагында эки өлкөнүн жаштар делегацияларынын курамын көбөйтүү зарылдыгы тууралуу пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK