Америкалык тарап КР Президенти С.Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү колдоорун билдирди

3063

2019-жылдын 21-августунда Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча Орун басары Дэвид Хейл менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө даярдыгын билдиришти. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө базалык макулдашууга кол коюуну даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга кызыкдарлык тастыкталды. 
Америкалык тарап Кыргызстандагы демократиялык жол менен шайланган институттарды жана мыйзамдын үстөмдүгүн, ошондой эле КР Президенти С.Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү колдоорун билдирди. Кыргыз тарабы Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу маселесинде кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын билдирди. Инвестициялык кызматташуу, америкалык бизнести Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле регионалдык коопсуздук маселелери талкууланды. 
Жолугушуу «Борбор Азия – АКШ» жогорку деңгээлдеги Жолугушуу талаасында болуп өттү.

  • Америкалык тарап КР Президенти С.Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү колдоорун билдирди

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK