2022-жылдын 26-сентябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

1575

      2022-жылдын 26-сентябрында Элчиликтин имаратына Казакстан Парламентинин Мажилисинин депутаттарынын тобу келип, анын жүрүшүндө экология жана жаратылышты пайдалануу маселелери боюнча комитеттин мүчөсү И.Буларов, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү К. Ержан, экономикалык реформа жана коопсуздукту региондук өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү А. Хамедов, социалдык-маданий өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү Г. Нурумова, финансы жана бюджет боюнча комитеттин мүчөсү И. Смирнова тажик тараптан агрессия актысына байланыштуу көңүл айтуу китебине топтук жазуу калтырышты.

             Өз кезегинде Элчи Д.Дюшекеев тажик тараптан курман болгон жана жабыр тарткан, колдонулган оор аскердик техникалар, чек ара жана жарандык инфраструктура объектилерине, Кыргыз Республикасынын аймагында тажик аскер кызматчылары жасаган тартипсиздик жана кылмыштар жөнүндө кеңири маалымат жеткирди.

     Кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы боордоштук жана кан байланыштарга көңүл буруп, Казакстан Парламентинин Мажилисинин депутаттарынын тобу курман болгондорго чын жүрөктөн кайгыруу сөздөрүн билдиришти жана жаракат алгандарды тезинен сакайып кетүүгө каало тилектерди айтышты. Ошону менен бирге алар конфликттик кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле депутаттар боордош кыргыз элинин аймагында тынчтык жана ынтымак болушун тилектеди.

         Жолугушуунун аягында элчи Д.Дюшекеев көңүл айтуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, компромисске саясий-дипломатиялык жол менен гана жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK