Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.Разаковдун Казакстан Республикасына болгон иш сапары

5266

2019-жылдын 28-февралында Казакстан тараптын чакыруусу менен Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.Разаковдун Казакстан Республикасынын Вице-премьер-министри Женис Касымбек менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетикалык жааттагы кызматташуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү диалогду тереңдетүү боюнча маселелерин аныкташты. Иш сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри А.Мамин Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.Разаковду кабыл алды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK