2022-жылдын 26-июлундагы Элчиликтин пресс-релизи

1306

2022-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын «Картошка жана жашылча өстүрүүчүлөр союзунун» төрагасы Кайрат Бисетаев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алмашышты, ошондой эле эки өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен ишкерлеринин ортосунда картошка жана жашылчаларды экспорттоо-импорттоо маселелери боюнча алака түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK