2022-жылдын 20-сентябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

1161

2022-жылдын 20-сентябрында Элчиликтин имаратына Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасына карата пландаштырылган куралдуу агрессия актысына байланыштуу казак энелеринен турган жарандык активисттер тобу кыргыз элине көңүл айтуу үчүн келишкен. 

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы трагедиянын курмандыктарын эскерип,  казак эли кыргыздар үчүн бир тууган эл болгондуктан, казак эли кыргыз элинин бардык кайгысын тең бөлүшө тургандыгын белгилешти.

Өз кезегинде элчи Д.Дюшекеев колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле учурдагы абал боюнча жалпы маалымат берди. Жыйындын соңунда каза болгондорго куран окулуп, ошондой эле жаракат алган жарандарды тез арада сакайып кетишине тилектер айтылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK