Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук жарманкесинде 1 тоннадан ашык ата мекендик өндүрүш продукцияларын тартуулады
3-декабрда Астана шаарында Жаңы жылга карата XIV кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү, ага Казакстанда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Элчилик тарабынан Кыргызстандын экспорттук жана туристтик потенциалын кеңири жайылтуу максатында, 1 тоннадан ашык Кыргызстанда өндүрүлгөн улуттук тамак-аш жана суусундуктарды чыгаруу үчүн улуттук бренддердин продукцияларын тартуулады, ушуну менен катар кооз жерлер камтылган буклеттерди башка маалыматтык материалдарды тартууланды.
Иш-чаранын алкагында келүүчүлөр арасында баалуу белектер ойнотулуп, байге фондуна Элчилик тарабынан улуттук тамак-аш азыктары салынган себет тартууланып, баш байгеге «Голубой Иссык-Куль» санаториясына 7 күндүк жолдомо берилди.
Белгилей кетсек, “Кыргызстан” брендиндеги бардык продукциялар биздин улуттук даамдарыбыз менен бирге Казакстандын борборунун тургундары менен конокторунун арасында чоң суроо-талапка ээ.
Бул жарманке Элчилик тарабынан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин, Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун жана Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы активдүү жарандарынын жардамы менен уюштурулду.
Жарманкеден түшкөн каражат майыптарга, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, ата-энеси жок балдарга жана карылар үйлөрүнө өткөрүп берүү максатында, кайрымдуулук жарманкесинин уюштуруучуларына которулду.