2023-жылдын 12-декабрындагы Элчиликтин пресс-релизи

267

11-13-декабрь күндөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында «Казакконцерттин» жетекчилиги менен жетишилген макулдашууларга ылайык, «КӨШПЕНДІЛЕР ӘУЕНІ» эл аралык фольклордук фестивалынын алкагындагы көчмөн элдердин музыкалык салттарына жана маданиятына арналган, Кыргыз Республикасынын чыгармачыл делегациясынын катышуусунда концерт өткөрүлдү.

Концерттин алкагында КР Эл артисти Р.Аманова өз өнөрүн тартуулап, комузчулардын дуэти аткарылды жана Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан монолог окулду, ошондой эле, Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Бул фольклордук фестивалга Астанада жашаган мекендештер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чакырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK