2023-жылдын 12-декабрындагы Элчиликтин пресс-релизи

197

12-декабрда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Казакстан элдеринин ассамблеясынын Достук үйүнүн аянтчасында Казакстан элдеринин ассамблеясы менен биргеликте жана Евразия чыгармачылык гильдиясынын колдоосунда (Лондон) “Чыңгыз Айтматов. Эпоха.Инсан.Гуманизм» аттуу Эл аралык конференциясын өткөрдү.

Конференцияга Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпусунун, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чыгармачыл интеллигенциясы жана илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Казакстан элдеринин ассамблеясынын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын аймактарындагы этномаданий бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Форумда Казакстан элдеринин ассамблеясынын төрагасынын орун басары М.Азилханов, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Дюшекеев, Өзбекстан Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д. С.Ниязходжаев, Азербайжан Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Атамогланов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты Д.Кыдырали, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Д. Шадыбеков, философия илимдеринин доктору, адабият таануучу, жазуучу, Ч.Айтматов жөнүндө китептердин автору (Германиянын Федеративдик Республикасы), Нгуен Ван Чиен – Вьетнам Социалисттик Республикасынын Ханой университетинин философия илимдеринин кандидаты жана башкалар сөз сүйлөштү. Конференцияны кыргыз этномаданий бирикмесинин төрагасы, Казакстан элдеринин ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү Ш.Исмаилов алып барды.

Конференциянын алкагында 2023-жылдын 17-октябрынан 10-декабрына чейин жаштарды Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурасына тартуу максатында ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери үчүн уюштурулган эл аралык дил баяндар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында конокторго КР Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү тартууланды. Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер жана үн жазуу архивинин алтын фонду Ч.Айтматовдун Казакстандын интеллигенция өкүлдөрү, илим, адабият, искусство, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери менен жолугушууларын чагылдырган 25 фотодокументтерди камтыйт.

Иш-чаранын соңунда эки тараптуу мамилелерди чыңдоого салым кошкон элчилер ТҮРКСОЙдун юбилейлик медалдары менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK