Чет мамлекеттердин компетенттүү органында каттоодон өткөн транспорттук каражаттардын Казакстан Республикасынын аймагына кирүү (импорттоо) жана аларды Казакстан Республикасынын аймагында эксплуатациялоо боюнча жаңы эрежелер жана талаптар тууралуу

335

Маанилүү!

Ушуну менен, казак тарабы чет мамлекеттердин компетенттүү органында каттоодон өткөн транспорттук каражаттардын Казакстан Республикасынын аймагына кирүү (импорттоо) жана аларды Казакстан Республикасынын аймагында эксплуатациялоо боюнча жаңы эрежелерин жана талаптарын бекиткендигин билдиребиз.

Киргизилген өзгөртүүгө ылайык, башка мамлекетте катталган автоунааларды Казакстандын аймагында эксплуатациялоо эл аралык кыймылга катышуу алкагында гана уруксат берилет. Аталган режимде Казакстан Республикасынын аймагында жашап турууга уруксаты жок чет өлкөлүктөр же жарандыгы жок адамдар гана жүрө алышат.

Казакстандын жарандарына, ошондой эле Казакстан Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүктөргө Казакстанда катталган автоунааларды айдоого тиешелүү документтерди жана мамлекеттик номурларды берүү менен уруксат берилет. Ошол эле учурда, Казакстан Республикасынын жарандарына чет өлкөдө катталган автоунааларды башкарууга өзүнчө эрежелер менен тыюу салынган.

Эл аралык кыймылга катышкан автоунаа мамлекеттик чек араны кесип өткөн учурдан тартып Казакстандын аймагында бир жылга чейин жүрө алат. Бул мөөнөт өткөндөн кийин унаа 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөткө Казакстан Республикасынын чегинен тышкары чыгарылууга тийиш.

Ошол эле учурда, эл аралык кыймылдагы автоунааларды Казакстан Республикасынын аймагында жол кыймылына катышууга киргизүү төмөнкү документтер болгон учурда жүзөгө ашырылат:

- транспорт каражатын, чиркегичти мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк (техникалык паспорт);

- мамлекеттик каттоо номердик белгиси;

- мамлекеттин айырмалоочу белгиси;

- транспорт каражатынын идентификациялык белгиси;

- диагностикалык техникалык кароо картасы жана Милдеттүү техникалык текшерүү үчүн бирдиктүү маалымат системасындагы (ЕИСТО) маалыматтар;

- менчик ээсинин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими.

Жаңы эрежелердин алгачкы редакциясында Казакстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген унаалар электрондук паспорт системасынан (ЕПТС) да маалыматты текшерүүгө милдеттүү болгон, бирок токтом дароо өзгөртүлүп, казакстандык ЕПТС системасы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мамлекеттеринин базалары менен интеграциялана элек болгондуктан, бул жобо алынып салынган.

Ошол эле учурда, эл аралык каттамдагы автоунаалар Казакстан Республикасынын аймагында техникалык кароодон өткөндөн кийин (7 жашка чейинки унаалар техникалык кароодон өтүүгө милдеттүү эмес) жана жергиликтүү камсыздандыруу алгандан кийин Казакстан Республикасынын аймагында жүрө алат.

Ошондой эле, Казакстан Республикасынын “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына ылайык, эл аралык каттамга катышкан жеңил унаалар жана чиркегичтер Казакстан Республикасынын жолдорунда техникалык кароодон өтүүсүз 90 күндөн ашык эмес жүрүүгө укуктуу экенин эске салабыз.

Ошентип, эгерде унаа ээси унааны Казакстан Республикасында узак мөөнөткө, бир жылга чейин калтырууну көздөсө, унааны техникалык тейлөөгө жеткирүү жана диагностикалык картаны алуу үчүн дээрлик үч ай убакыт бар.

Келген чет элдик автоунаалардын документтери Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы тарабынан текшерилет. Алар ошондой эле Казакстан Республикасына келген автоунаалар тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат базасы менен интеграцияланган маалымат системасына киргизе башташат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK