Астанада Жусуп Абдрахмановдун урматына арналган илимий-практикалык конфереция өттү

275

У.ж. 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына расмий иш-сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Түрк академиясы менен биргеликте көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, «Кыргызстан-Астана» этномаданий борборунун төрагасы Минавархан Мамаева жана Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын башка көрүнүктүү ишмерлери катышты.

Конференциянын негизги максаттарынын бири Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнүн жана чыгармачылыгынын илимий аспектилерин, анын ичинде анын аймактагы коомдун өнүгүшүнө кошкон салымын талкуулоо болду. Баяндамалар менен Назарбаев Университетинин, М.Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университетинин профессорлору жана Казакстандын илимий интеллигенциясынын башка өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөштү.

Ачылыш сөзүндө Д.Дюшекеев Кыргызстандын Президентинин Казакстан Республикасына боло турган иш сапарынын алкагында бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, Эл аралык Түрк академиясына Жусуп Абдрахмановдун өмүр таржымалын изилдеген окумуштууларды чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жусуп Абдрахманов өмүрүн гуманизмге, жакшы коңшулукка арнаган инсан катары тарыхта өчпөс из калтырды. Анын бийик эмгеги жана трагедиялуу тагдыры менен белгиленген өрнөктүү өмүр жолу муундардын эсинде жан аябас кызмат өтөө жана адилеттик үчүн күрөштүн үлгүсү катары сакталып кала бермекчи», - деди Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекев.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар анын натыйжалары илимий жана коомдук изилдөөлөрдү мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүүгө көмөктөшөөрүнө ишеним билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK