Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлер Кеңешинин жыйыны өттү

151

2024-жылдын 18-апрелинде Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри М.Нуртлеунун жетекчилиги астында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Казакстан Республикасына расмий сапарынын алдында өткөн бул иш-чаранын алкагында тараптар мамлекет жана өкмөт жетекчилердин деңгээлинде мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулашты.

Мындан тышкары, Ж.Кулубаев менен М.Нуртлеу 2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында эки өлкө жетекчилеринин төрагалыгы астында өтө турган Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 6-жыйынынын күн тартибин жана чечимдерин карап чыгышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин документтерин парафирлешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK