Түштүк Кореяда жапайы женьшенге жана картаюуга каршы арналган Эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү ачылды

3781

2021-жылдын 10-сентябрында Түштүк Кореяда жапайы женьшень жана жалпысынан картаюуга каршы индустрияга арналган Эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү ачылып, ага 13-өлкөнүн өкүлдөрү катышып, анын ичинде Кыргызстан да катышууда.

ЭКСПО, жапайы женьшендин мекени болгон Хамян шаарында өтүп, ушул жылдын 10-октябрына чейин уланууда.

Расмий ачылыш аземине Корея Республикасынын Премьер-министри Ким Бу Гём, Кёнсан Намдо провинциясынын губернаторунун милдетин аткаруучу Ха Бёнг Пил, Хамяндын мэри Со Чунсу, Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеянын депутаттары, ошондой эле беш өлкөнун элчилери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелов катышышты.

ЭКСПОнун алкагында Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, Кыргызстандын органикалык продукциялары, анын ичинде бал, кургатылган жемиштер, кургак мөмөлөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын турмушта колдонуучу буюмдары көргөзмөгө коюлду.

4-октябрда ЭКСПОдо Кыргызстандын Улуттук күнүн өткөрүүсү каралууда, анын жүрүшүндө салтанаттуу иш-чаралар, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы концерт, Кыргызстандын экспорттук, инвестициялык жана туристтик потенциалынын презентациясы пландаштырылууда.

Кореядагы Кыргызстандыктардын баарын 4-октябрда боло турган көргөзмөгө чакырабыз. Эгерде сиздер 023790952 (6) (Анара) телефону боюнча алдын ала арыз жиберсеңиз, Элчилик сиздерди келүүчүлөрдүн тизмесине кошуп коюга даяр.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK