Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда саламаттык сактоо жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу

3838

2021-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея
Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен онлайн режиминде
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын клиникалык
ооруканасы менен Ёнсе университетинин саламаттык сактоо системасы жана
Сеул клиникалык лабораторияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү
Меморандумуна кол коюлду.
Үч тараптуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын директору-башкы дарыгери
Р.Султангазиев, Ёнсе университетинин саламаттык сактоо системасынын
президенти доктор Юн Донг Суп жана Сеул клиникалык
лабораторияларынын төрагасы Ли Кын Рюл кол коюшту. Кол коюу аземине
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара
Кемелова да катышты.
Кол коюу аземинин жүрүшүндө тараптар Меморандумдун алкагында
хирургия, диагностика жана башка тармактарда боло турган кызматташуу
боюнча пикир алмашышты, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы
күрөштү эске алуу менен бул Меморандумга кол коюунун актуалдуулугун
белгилешти.
Клиникалык оорукананын директору Р.Султангазиев кол коюлган
Меморандум дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба
алмашуу жаатында тыгыз кызматташууга негиз болооруна ишенимин
билдирди.
Өз кезегинде, элчи Динара Кемелова өз сөзүндө Түштүк Корея тарапты
диагностикалык борборлорду курууга, техникалык жардам көрсөтүү,
биргелешкен операцияларды жана диагностиканы өткөрүү аркылуу кыргыз
ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам берүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK