Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги тарабынан кыргыз улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсү уюштурулду

1844

2022-жылдын 25-июнунда Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги «BAIRA» улуттук мода үйүнүн дизайнери Толгонай Керимкулованын улуттук кыргыз кийимдеринин мода көргөзмөсүн уюштурду.

KOTFA (Korea World Travel Fair) 37-Сеул эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында иш-чаранын конокторуна жана катышуучуларына кореянын дизайнерлеринин корей салттуу ханбок кийимдеринин жана аялдар жана эркектер үчүн заманбап кыргыз улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсү тартууланды.

Аялдардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү: этникалык белдемчи жана чапандардан баштап заманбап кийимдерге чейин кыргыздын жана кореянын элдик обондорунун коштосунда өтүп, корей коомчулугунун кол чабууларына ээ болду. Конокторду өзгөчө колго жасалган заманбап кыргыздын улуттук кийимдери кызыктырды.

Бул иш-чара Азиядагы эң ири соода-көргөзмө борборлорунун биринде COEX имаратында уюштурулуп, дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн келген өкүлдөрдүн катышуусунда 800гө жакын павильондор ачылды, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөр, аймактык туризм кеңселери, K-Pop продюсердик борборлор, Корея Республикасынын массалык маалымат каражаттары ж.б.

Корея Республикасында Кыргыстан тууралу позитивдүү имиджин калыптандыруунун алкагында иш-чаранын конокторуна, кореялык жарандарга Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат берүү үчүн Кыргызстан тууралуу видеоматериалдар тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK