2023-жылдын 14-июлунда Бишкекте Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Чонг Ву Тэктин Кыргыз Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Корея Республиканын ортосунда «Республикалык клиникалык имфекциялык оорукананы ишин жакшыртуу» 27 миллион АКШ долларлык долбоору боюнча Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган.

261

Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системанын потенциалын чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2023-жылдын 14-июлунда Бишкекте Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Чонг Ву Тэктин Кыргыз Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Корея Республиканын ортосунда «Республикалык клиникалык имфекциялык оорукананы ишин жакшыртуу»  Экономикалык өнуктуруу жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) жеңилдетилген кредиттик линиясы 27 миллион АКШ долларлык долбоору боюнча Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган.

Долбоордун алкагында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 130 орундуу кошумча имаратын куруу, аны заманбап жабдуулар менен жабдуу, оорукананын маалымат системасын түзүү жана медициналык кызматкерлерди окутуу каралган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK