Чханнён шаарында консулдук кызмат көрсөтүү жөнүндө

573

Урматтуу жарандар!

2024-жылдын 22-июнунда Кёнсан-Намдо провинциясынын Чханнён шаарында жарандарга консулдук кызматтар көрсөтүлөт.

Бул консулдук иш-чара жарандарга паспортту жаңыртуу, маалымкаттарды алуу, нотариалдык иш-аракеттер, кайтып келүү күбөлүгүн тариздөө жана башка консулдук кызматтарды алуу үчүн мүмкүнчүлүгүн берет.

Консулдук кабылдамага катышуу тууралуу алдын ала +82-10-9780-0952 WhatsApp аркылуу бизге кабарлаңыз.

Жайгашкан жерди жана убакытты атайын түзүлгөн WhatsApp (https://chat.whatsapp.com/JfTu1H4rvObFPNmIgq8AUk) тайпасынан тапса болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK