Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси А.Исмаилова «T’way» авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушту.

163

2024-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси А.Исмаилова «T’way» авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылы түз аба каттамдарын ачылганына жогорку баа беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова бүгүн эки өлкө ортосундагы маанилүү дата экенин белгиледи. Бир жыл мурда «T’way» компаниясынын президенти менен биргеликте түз аба каттамы ачылган. Бир жылдын ичинде Тараптардын биргелешкен аракеттери менен Кыргызстан менен Кореянын ортосунда авиакаттамдарды ачуу потенциалын максималдаштырууга жетишишти. Кыргыз тарап "Сеул-Ош" багыты боюнча каттамдарды, ошондой эле Бишкек шаары аркылуу Европага транзиттик каттамдарды ачууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ёнг Хонг Гён өз кезегинде Элчиликке түз аба каттамдарын ачууда көрсөткөн көмөгү жана эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү боюнча жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Учурда "Сеул-Бишкек" багыты боюнча каттамдардын саны жумасына 2 жолу түзүлөт. Ошону менен бирге, жакынкы мезгилде (2024-жылдын июлунан тартып) жайкы мезгилге каттамдарды жумасына 3 жолу көбөйтүү пландаштырылып жатканын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK