Урматтуу мекендештер маанилүү маалымат!!! 2020-жылдын 1-июнунан баштап, бардык чет өлкөлүк жарандар (A-1, A-2, A-3, F-4 визаларынын ээлерин кошпогондо) Түштүк Кореядан кетүү алдында Түштүк Кореяга кайрадан кирүүгө уруксат алуу үчүн жашаган жериндеги же аэропорттогу иммиграциялык кызматка кайрылышы керек.

6046

Кайрылуунун (заявканын) баасы 30,000 вон (болжол менен 24 АКШ доллары). Мындай уруксатты албастан Түштүк Кореядан чыгып кетүү, катталган чет өлкөлүк жаран аттуу статусту жокко чыгарат.

Эгерде чет өлкөлүк жаран Түштүк Кореядан учуп кетүүгө чейин аталган уруксатты албаса, чет өлкөлүк жарандын каттоо картасы (регистрационная карточка) жокко чыгарылат. Мындай учурда Түштүк Кореянын визасын алуу үчүн кайрадан документтерди тапшыруу керек болот.

Ошондой эле, чет элдик жарандар Түштүк Кореяга келерден мурун, учардан 2 күн мурун (өзгөчө учурларда 3 күн) англис же корей тилдеринде медициналык корутунду (медицинская справка) алышы керек. Эгерде аталган документти англис же корей тилдеринде алууга мүмкүн болбосо, анда англис же корей тилдерине башка тилден которулган толук котормосун тиркөө керек. Нотариалдык күбөлөндүрүүнүн зарылдыгы жок. Корутундуда (справка) коронавирустун симптомдорунун жоктугу көрсөтүлүшү керек.

Корутунду медициналык мекеме тарабынан медициналык текшерүүдөн өткөн күнү жана дарыгердин колу койулган тастыктамасы менен берилиши керек.

Корутундуда вирустун симптомдорунун: дене басымы (температура), жөтөл, баш ооруу, дем алуунун проблемалары, булчуңдар жана өпкө ооруларынын бар же жок экендиги көрсөтүлүшү керек, бирок COVID-19 тестинин корутундусу зарыл эмес.

Медициналык корутундусу (справка) жок же жасалма корутунду көрсөткөн жарандарга Түштүк Кореяга кирүүгө уруксат берилбейт же учакка отургузулбайт. Дипломаттарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана категориясы “F-4” визасы бар этникалык корейлерге медициналык корутундунун зарылдыгы жок.

Түштүк Кореядан кыска мөөнөткө кетүү мезгилинде медициналык корутунду алууда жаралган кыйынчылыктардан улам, Түштүк Кореянын Юстиция министрлиги чет өлкөлүк жарандардын өлкөдөн кыска мөөнөткө чыгып келүүсү боюнча айрым инструкцияларга өзгөртүү киргизди.

Түштүк Кореядан бизнес, журналисттик же билим берүү максатында 3 жумага жетпеген мөөнөткө чыгып кетүүлүүгө ниеттенген чет өлкөлүк жаран жашаган жериндеги иммиграциялык бөлүмгө кайрылып, медициналык корутунду (справка) берүүдөн бошотулгандыгы жөнүндө аныктама алышы керек, бул үчүн кыска сапарга байланыштуу маалымат (иштеген жеринен аныктама, саякаттоо мөөнөтү, салык кызматы тарабынан берилген лицензиянын көчүрмөсү) берүүсү керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK