2020 жылдын 17-18 июнунда Корея Республикасынын Кёнсан-Намдо өрөөнүндө эмгек мигранттарынын суроолоруна байланышкан EPS-конференциясы өттү.

5560

Конференцияга EPS программасына мүчө болгон 16 мамлекеттин Элчилери жана өкүлдөрү, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова катышты. Өз сөзүндө Кыргызстандын Элчиси эмгек келишимдерин алган, ошондой эле убактылуу Кыргызстанга эмгек өргүүсүнө барган Кыргыз жарандарынын Корея Республикасына келүү көйгөйлөрүн көтөрдү.

Мындан тышкары, Д.Кемелова Кыргызстанга бөлүнгөн эмгек келишимдеринин квоталарын толугу менен колдонууну жана айыл чарба тармагындагы бул программаны Кыргызстандын жарандары үчүн кеңейтүүнү сунуш кылды. EPS программасына мүчө болгон мамлекеттердин дээрлик бардыгы тараптан Корея Республикасына кирүүдө коронавирустун айынан жабылган чек аралардын жана карантиндин эрежелерине байланыштуу Түштүк Кореяга келе албай жаткан жарандардын көйгөйлөрү көтөрүлдү.

EPS программасына мүчө болгон өлкөлөрдүн эмгек мигранттарынын иш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында HRD Korea, Кёнсан-Намдо провинциясы жана Кореянын “Aerospace” компаниясы ортосунда үч тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койулганы конференциянын маанилүү окуясы болду.

Конференция учурунда Элчи Д.Кемелова адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын (HRD Korea) Президенти Ким Донг Ман мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, эмгек мигранттардын COVID-19 пандемиясы учурундагы абалына байланыштуу көйгөйлөр айтылды. Элчи Д.Кемелова Ким Донг Ман мырзадын карантиндик эрежелерди эске алуу менен эмгек мигранттарга Корея Республикасына кирүүгө байланыштуу ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Конференция бүткөндөн кийин Элчи Д.Кемелова Кореянын аэрокосмостук компаниясынын Президенти Ан Хён Хо мырза менен кыскача маектешти.

Кыргызстандын Элчиси Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик потенциалы боюнча, авиация жана тик учак техникасынын жетишсиздиги жөнүндө айтты жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Кыргыз Республикасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуш кылды.

Өз кезегинде компаниянын Президенти биздин өлкөдө болгонун жана Кыргызстандын табиятынын кооздугуна таң калганын айтты. Тараптар мындан аркы кызматташуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын бул компанияга жумушка орноштуруу боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK