Консулдук кызматтар

1. Алдын ала жазылуу

*Эскерте кетсек, балдар үчүн паспорт алуу үчүн ар бир бала өзүнчө катталышы керек.

 

2. Паспорт маселелери

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТУ

18 жашка чыга элек Кыргыз Республикасынын жаранынын атына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун тариздөө/алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Баланын паспорту (мурда таризделген болсо) (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспорттору (түп нускалары).

Эгерде баланын ата-энесинин бирөөсү чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын паспортунун орус тилине котормосу (РФнын жарандарынан тышкары) жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана Кыргыз Республикасынын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Эгерде ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун түп нускасын берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда анын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана Кыргыз Республикасынын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Документтерди тапшыруу учурунда бала жана анын ата-энесинин бирөөсүнүн катышуулары зарыл.

 

18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандын атына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспорттун мөөнөтү өтүп кеткен же паспорт бузулуп калган учурларда):

  • Жалпы жарандык паспорт (түп нускасы).

Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандын атына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун тариздөө максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспортту жоготуп же уурдатып алган учурларда):

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы);
  • Жоготулган же уурдатылган жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.

Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет. 

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандын атына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (жаран өздүк маалыматтарын өзгөрткөн учурунда):

  • Жалпы жарандык паспорт (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы);
  • Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүгү (түп нускасы).

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

ИДЕНТИФИКАЦИЯЛЫК КАРТА - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН ПАСПОРТУ (ID-карта)

18 жашка чыга элек Кыргыз Республикасынын жаранынын атына Кыргыз Республикасынын идентификациялык картасын тариздөө/алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Баланын паспорту (мурда таризделген болсо) (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспорттору (түп нускалары).

Эгерде баланын ата-энесинин бирөөсү чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын паспортунун орус тилине котормосу (Россия Федерациясынын жарандарынан тышкары) жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана Кыргыз Республикасынын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Эгерде ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун түп нускасын берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда анын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана Кыргыз Республикасынын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Документтерди тапшыруу учурунда бала жана анын ата-энесинин бирөөсүнүн катышуулары зарыл.

 

18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жаранынын атына Кыргыз Республикасынын идентификациялык картасын алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспорттун мөөнөтү өтүп кеткен же бузулуп калган учурларда):

  • Идентификациялык карта (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жаранынын атына Кыргыз Республикасынын идентификациялык картасын  алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспортту жоготуп же уурдатып алган учурларда):

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы);
  • Жоготулган же уурдатылган идентификациялык картасынын көчүрмөсү;
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жаранынын атына Кыргыз Республикасынын идентификациялык картасын алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (жаран өздүк маалыматтарын өзгөрткөн учурларда):

  • Идентификациялык карта (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы);
  • Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүгү (түп нускасы).

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

Паспортторго тариздөө үчүн төлөмдөр Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө орнотулган терминалдарда накталай же карта аркылуу жүргүзүлөт. Төлөмдөр рубль менен Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсунун негизинде кабыл алынат.

 

Даяр болгон паспорттор иш күндөрү саат 09:00дон 18:00го чейин Элчиликтин Консулдук бөлүмүнөн берилет.

 

 

2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КАЙТЫП КЕЛҮҮГӨ КҮБӨЛҮК

Эгерде Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготкон болсо / паспортунун жарактуулук мөөнөтү бүтсө же паспорту жараксыз болуп калса, анда ага Кыргыз Республикасына кайтуу кубөлүгү берилиши мүмкүн.

Ошондой эле күбөлүк паспорту жок 18 жашка чыга элек адамдарга берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүн алуу үчүн керектүү документтер:

а) Паспорт жоголгон учурда:

  • жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (же аскердик билет);
  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан берилген, паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ (протокол, маалым-кат ж.б.).

Маанилүү:  паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ берүү мүмкүн эмес болгон учурда арыз ээси паспорттун жоголуусунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет.

б) Паспорт жараксыз болгон учурда:

  • жараксыз болгон паспорт.

в) Паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөн учурда:

  • колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт.

г) 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспортторунун түп нускалары;
  • Ата-энесинин нике күбөлүгү же аталыгын тастыктоочу күбөлүк;
  • Баланын 3,5×4,5см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтү (баланын өзүн алып келүү кажет эмес);
  • *Ата-энесинин бири чет өлкөлүк жаран болсо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жана Кыргыз Республикасына кайтуу кубөлүгүн тариздөөгө нотариус аркылуу таризделген расмий макулдугу керек болот.

Төлөм Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төлөм күнүнө карата курсу боюнча орус рублинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн алынган күндөн тартып колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Күбөлүк Кыргызстанга кайтуу үчүн гана жарактуу.

 

 

3. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨРҮН АЛМАШТЫРУУ

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн милдеттүү талап - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу каттоонун болушу.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

  1. айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү аяктаганда;
  2. айдоочулук күбөлүктө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
  3. айдоочулук күбөлүк эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдаланууга жарамсыз болуп калса;
  4. айдоочулук күбөлүктү жоготкондо.

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (идентификациялык картасы же жалпы жарандык паспорту);
  2. Россия Федерациясынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  3. Алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн жоготкон учурда төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (идентификациялык картасы же жалпы жарандык паспорту);
  2. Россия Федерациясынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  3. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  4. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).  

Арыз ээсинин жеке маалыматтарын (фамилиясын/атын/атасынын атын) өзгөртүүдө аты-жөнүн өзгөртүү же нике тууралуу күбөлүктүн түп нускасы талап кылынат.

Көңүл буруңуздар! Консулдук кызматтар үчүн төлөмдөрдү банктык карталар менен төлөө сунушталат.

4. МЕКЕН-КАРТ МЕКЕНДЕШТИН СТАТУСУ

Мекен-карт- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи.

Бул статус Кыргыз Республикасынын аймагына жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө кирүү, чыгуу, транзиттик жүрүү үчүн төмөнкүлөргө багытталган:

  1. мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  2. алгачкы Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгына  карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  3. алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жаранынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  4. Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн.

Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына Мекен- карт берилбейт.

Бул документ чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспорту болгондо гана жарактуу болуп саналат.

Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги (60 күндүк кароо):

  1. арыз;
  2. чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  3. чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  4. Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  5. Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
  6. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкү документтер берилет:

а) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ;

б) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);

- мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ;

в) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);

- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү;

г) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

- Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте (30 күндүк кароо):

  1. - арыз;
  2. чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  3. чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  4. Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
  5. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

Жарактуулугу: Мекен-карт 10 жылга жарактуу.

Эскертүү:Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде барган жериндеги аймактык бөлүктөрдөн каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Эгерде жашаган жери 30 календардык күндөн ашык убакытка өзгөрүлсө, анда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаңы барган жеринде каттоого туруу жөнүндө арыз менен кайсы болбосун аймактык бөлүккө кайрылууга милдеттүү.