Пайдалуу маалымат

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясынын аймагына кирүү жана болуунун тартиби жөнүндө эскертме

1. Россияга барууга алдын ала даярдануу

Россия Федерациясына кетээрдин алдында Россия Федерациясынын чек арасын өтүү, миграциялык картаны туура толтуруу, миграциялык каттоого туруу эрежелери, Россияда турак-жай жалдоо, жумуш табуу маселелери жана эмгек укуктарын коргоо негиздери менен алдын ала танышуу керек.

2. “Кара тизмеден” текшерүү

Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдөн баш тартуу тобокелдигин алдын алуу үчүн алдын ала, кете турганга чейин 2 айдан кечиктирбестен, жарандын Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө үчүн негиздердин бар же жок экендиги жөнүндө мамлекеттик органдардагы маалыматты текшерүү керек.

Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу маалыматты Россиянын Ички иштер министрлигинин кызматы аркылуу алса болот: http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000.

3. Россия Федерациясынын чек арасын кесип өтүү

Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясына жарактуу Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспорт же ички паспорт (ID-карта) менен кире алышат.

Россия Федерациясынын чек арасынан өтүүдө, жеке толтурууда миграциялык картаны кылдат жана так толтуруу керек. Толтурулган миграциялык картага кол коюудан мурун жаран өзүнүн маалыматтарын, тактап айтканда, толук аты-жөнүн жана туулган күнүн кылдаттык менен текшерип чыгуусу керек. Эч кандай шартта миграциялык картаны жоготуп албоо керек! 

4. Медициналык текшерүүдөн, манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүү

2021-жылдын 29-декабрынан баштап Россия Федерациясына визасыз тартипте иштөө үчүн келген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керек.

Россия Федерациясына 90 күндөн ашык узак мөөнөткө жана ишке орношуу менен байланышпаган максаттарда келген чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан, ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

Эгерде чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду аткара албаса, алардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү кыскартылат.

Алты жашка чыга элек чет өлкөлүк жарандар бул процедуралардан өтүүдөн бошотулат.

5. Миграциялык каттоого туруу

Кыргыз Республикасынын жарандары кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде Россия Федерациясынын компетенттүү органдарында (Россиянын Ички иштер министрлигинде) каттоого туруу (жашаган жери боюнча катталуу) милдетинен бошотулат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясынын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндөн ашык жүрсө, анда Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясынын компетенттүү органдарында (Россиянын Ички иштер министрлиги) жашаган жери боюнча катталууга милдеттүү.

Россия Федерациясынын аймагына эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында келген Кыргыз Республикасынын жарандарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн каттоо эмгек же жарандык-укуктук келишимдин мөөнөтүнө жүргүзүлөт.

Россиянын аймагына башка максаттар үчүн келген Кыргызстандын жарандарын каттоо кирген күндөн тартып 90 күндөн ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.

Миграциялык каттоого тургузуу боюнча бардык жол-жоболорду кабыл алуучу тарап ишке ашырат. Кабыл алуучу тарап Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жаранына иш жүзүндө жашоо үчүн турак жай же башка жай берген Россия Федерациясынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле юридикалык жактар, юридикалык жактын филиалы же өкүлчүлүгү болушу мүмкүн.

Чет өлкөлүк жаран жашаган жерине келгенде кабыл алуучу тарапка төмөнкү документтерди көрсөтөт: паспорт жана миграциялык карта.

Паспорт жана миграциялык картасы алып салынбайт. Турган орду боюнча каттоо үчүн мамлекеттик алым алынбайт.

Кыргыз Республикасынын эмгек мигранты кабыл алуучу Тарапка аны менен Россия Федерациясынын аймагында иш берүүчү же жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) заказчысы менен түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимди, ошондой эле үй-бүлөлүк мамилелерди ырастоочу документтерди кошумча көрсөтөт (анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн). 

Кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаран көрсөткөн документтердин негизинде чет өлкөлүк жарандын турган жерине келгендиги тууралуу атайын бланк толтурат. Толтурулган билдирүү формасын Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграциялык бөлүмүнө тапшырат.

6. Эмгекке орношуу

ЕАЭБне мүчө-мамлекеттердин эмгекчилеринин укук жана милдеттери 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБи жөнүндө Келишимдин Эмгек миграциясы бөлүмүнүн 96-98-беренелеринде жана мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколдо (ЕАЭБи жөнүндө Келишимге №30 тиркеме) жазылган.

Жумушка орношкондо орус тили, тарых жана укук боюнча экзамендерди тапшыруунун кереги жок. Эч кандай патент же иштөөгө уруксат талап кылынбайт.

Кыргыз Республикасынын жарандары алган билимдерине жана адистиктерине ылайык РФда кесиптик ишмердүүлүк менен алектенүүгө укуктуу. Мында педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык билимдери болсо, адистиги менен иштөөсү үчүн мыйзамда бекитилген шарттарга ылайык билими тууралуу документти таануу жол-жоболорунан (нострификация) өтүү керек.

Эмгекчилердин эмгек стажы иш менен камсыз кылган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык пенсияларды кошпогондо, социалдык камсыздоо максатында жалпы эмгек стажына эсептелет.

Эмгек ишмердиги иш берүүчү менен жазуу жүзүндө түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде гана ишке ашырылууга тийиш! Эмгек келишими жазуу жүзүндө эки нускада түзүлөт, алардын ар бирине тараптар кол коюшат. Эмгек келишиминин бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси иш берүүчүдө сакталат. Эмгекчинин эмгек келишиминин көчүрмөсүн алгандыгы иш берүүчүдө сакталган эмгек келишиминин көчүрмөсүндөгү кызматкердин колу менен ырасталышы керек.

Иш берүүчү тарабынан эмгек акынын төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда Кыргыз Республикасынын жарандары өз алдынча Россия Федерациясынын сот жана укук коргоо органдарына кайрыла алышат.

7. Медициналык жардам алуу укугу

2016-жылдын 27-декабрында Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылдын 27-октябрындагы №803-н «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу күчүнө кирди (мындан ары ОМС деп аталат).

Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерине Россия Федерациясынын аймагындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС) берилет.

ОМС полиси - камсыздандырылган адамдын милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча акысыз медициналык жардам (медициналык кызмат көрсөтүү) алуу укугун ырастоочу документ.

ОМС полисин алуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасына катышкан камсыздандыруу компанияларынын бирине кайрылуу керек.

8. Укуктук коргоону камсыз кылуу

Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары компетенциясына жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери кирген Россия Федерациясынын сотуна, прокуратурасына, ички иштер органдарына жана башка мекемелерине эркин жана тоскоолдуксуз кайрылууга укуктуу.

Россия Федерациясынын жарандарына берилген шарттарда аларда чыгып сүйлөөгө, өтүнүч менен кайрылууга, доо арыз менен кайрылууга жана башка дагы процессуалдык аркеттерди ишке ашырууга укуктуу.

 

 

Пайдалуу шилтемелер:

Кыргыз Республикасынын Президенти: www.president.kg

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү: www.gov.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши (Парламент): www.kenesh.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: http://www.mfa.gov.kg/