Виза маселелери

Электрондук виза тууралуу:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кырыз Республикасынын визасын алууну жеңилдетүү максатында электрондук виза порталын ишке киргизген.

Каалагандар КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелерге келбестен, 2  жөнөкөй кадам жасоо менен виза алуунун онлайн-арызын толтуруп жана акысын онлайн түрүндө төлөөгө болот.

Электрондук виза кадимки виза алуу үчүн берилген арыздан көп эмес маалыматтыы талап кылат, жана паспорттогу кадимки виза катары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө укук берет.

Электрондук визаны алуунун бир топ артыкчылыктары бар. Сиз атайын убакыт коротуп, КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине келбейсиз, болгону Сизге интернет, кредиттик/дебеттик карта жана сканерден өткөрүлгөн документтердин көчүрмөсү болушу керек.

Сиздин документ виза мөөнөтү бүткөндөн кийин эң аз дегенде 6 айга жарактуу болушу керек.

Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикистан Республикасынын жарандары үчүн визасыз режим иштейт. Негизи – 2000-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикистан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда жарандардын визасыз кирип-чыгуусу тууралуу кол коюлган Макулдашуу.

Азербайджан, Армения, Грузия, Молдованын жарандарынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрүнө ээ жарандары үчүн визасыз режим иштейт. Негизи – 1992-жылдын 9-октябрындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин аймагында жарандарынын визасыз жүрүүсү тууралуу Макулдашуу.

Мурунку СССР менен төмөндө келтирилген өлкөлөр ортосунда мурун бекитилген макулдашууларга ылайык төмөндөгү мамлекеттердин жарандарына визасыз режим иштейт:

1. Вьетнам Социалисттик Республикасы (СССР Өкмөтү менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын өз ара каттоосунун шарттары тууралуу Макулдашуу, 15 –июль,1981 -жыл);

2. Корея Элдик Демократиялык Республикасы (СССР Өкмөтү менен КЭДРнын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын өз ара каттоосунун шарттары тууралуу Макулдашуу 22 –январь, 1986 – жыл);

3. Куба Республикасы (СССР Өкмөтү менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын өз ара каттоосунун шарттары тууралуу Макулдашуу 10- январь 1985- жыл);

4. Лаос Элдик-Демократиялык Республикасы (СССР Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасы Өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ жарандары үчүн визасыз режим тууралуу Макулдашуу 20-декабрь, 1984-жыл).

Кыргыз Республикасы менен Макулдашуулардын алкагында төмөндөгү мамлекеттердин жарандарына визасыз режим иштейт:

1. Малайзия (30 күнгө чейин визасыз режим, 1995-жылдын 20-июлундагы Макулдашуу);

2. Түркия (60 күнгө чейин визасыз режим, 2006-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу);

3. Украина (90 күнгө чейин визасыз режим, 2004-жылдын 25-февралындагы Макулдашуу);

4. Өзбекстан (60 күнгө чейин визасыз режим, 2006-жылдын 3-сентябрындагы Макулдашуу);

5. Монголия (90 күнгө чейин визасыз режим, 1999-жылдын 4-декабрындагы Макулдашуу).

 «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режим киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын бир тараптуу чечими) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, төмөндөгү мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө/чыгууда визасыз жүрүүгө укуктуу:

1.Австралия союзу

2. Австрия Республикасы

3. Бельгия Королдугу

4. Босния жана Герцеговина

5. Ватикан

6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

7. Венгрия

8. Германия Федеративдүү Республикасы

9. Нидерланды Королдугу

10. Греция Республикасы

11. Дания Королдугу

12. Исландия

13. Ирландия

14. Испания Королдугу

15. Италия Республикасы

16. Канада

17. Корея Республикасы

18. Кувейт Мамлекети

19. Латвия Республикасы

20. Литва Республикасы

21. Лихтенштейн Княздыгы

22. Люксембург Улуу Герцогдугу

23. Мальта Республикасы

24. Монако Княздыгы

25. Новая Зеландия

26. Норвегия Королдугу

27. Бириккен Араб Эмираттары

28. Польша Республикасы

29. Португалия Республикасы

30. Сауд Аравия Падышачылыгы

31. Сингапур Республикасы

32. Словакия Республикасы

33. Словения Республикасы

34. Америка Кошмо Штаттары

35. Финляндия Республикасы

36. Франция Республикасы

37. Хорватия Республикасы

38. Чешская Республика

39. Швейцария Конфедерациясы

40. Швеция Королдугу

41. Эстония Республикасы

42. Катар Мамлекети

43. Бруней-Даруссалам Мамлекети

44. Бахрейн Королдугу

45. Япония.

Өз ара визасыз режим тууралуу Макулдашуунун алкагында төмөндөгү мамлекеттердин дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлерине визасыз режим иштейт:

1. Венгрия (30 күнгө чейин визасыз режим, 1997-жылдын 1 - ноябрындагы Макулдашуу, Бишкек ш.)

2. КЭР (30 күнгө чейин визасыз режим, 2002-жылдын 24-ноябрындагы Макулдашуу, Пекин) (Макао 14 дней)

3. Туркменистан (30 күнгө чейин визасыз режим, 2000-жылдын  6 –мартындагы Макулдашуу, Ашхабад)

4. Иран Ислам Республикасы (30 күнгө чейин визасыз режим, 2005 –жылдын 8-мартындагы Макулдашуу, Бишкек)

5. Пакистан Ислам Республикасы (30 күнгө чейин визасыз режим, 2003-жылдын 21 –декабрындагы Макулдашуу, Тегеран)

6. Словакия Республикасы (30 күнгө чейин визасыз режим, 2010-жылдын 1-апрелиндеги Макулдашуу, Бишкек)

7. Корея Республикасы (30 күнгө чейин визасыз режим, 2010 –жылдын 30 –ноябрындагы Макулдашуу, Сеул)

8. Индонезия (30 күнгө чейин визасыз режим 2011-жылдын, 23 –сентябрындагы Макулдашуу, Нью-Йорк)

9. Индия Республикасы (90 күнгө чейин визасыз режим, 2013-жылдын 19 -июлундагы Макулдашуу, Бишкек)

10. Польша Республикасы (180 күндүн ичинде 90 күн чейин визасыз режим, 2013-жылдын 6-июнундагы Макулдашуу, Бишкек)

11. Катар Мамлекети (90 күнгө чейин визасыз режим, 2014-жылдын 8 -декабрындагы Макулдашуу, Доха)

12. Эстония Республикасы (8 декабря, КР ТИМнин нотасы, 15.04.2015 г.)

13. Французская Республика (180 күндүн ичинде 90 күн чейин визасыз режим) (КРнын дипломатиялык паспорту, 30.03.2016-ж., Бишкек)

14. Италия Республикасы (180 күндүн ичинде 90 күн чейин визасыз режим) (КРнын дипломатиялык паспорту, 15.04.2016 –жыл, Париж).