Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясынын колдонуудагы 15.08.1996-жылдагы N 114-ФЗ «Россия Федерациясынан чыгып кетүүнүн жана Россия Федерациясына кирүүнүн тартиби жөнүндө» жана 25.07.2002-жылдагы N 115-ФЗ «Чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясындагы укуктук статусу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгын эскертет.

2176

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясынын колдонуудагы 15.08.1996-жылдагы N 114-ФЗ  «Россия Федерациясынан чыгып кетүүнүн жана Россия Федерациясына кирүүнүн тартиби жөнүндө» жана  25.07.2002-жылдагы N 115-ФЗ «Чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясындагы укуктук статусу жөнүндө»  мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгын эскертет.

Ошондой эле 2021-жылдын 15-июнунда Россия Федерациясынын Президентинин “Жаңы коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышынын кесепеттерин жоюу мезгилинде Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” Жарлыгы чыккан.

Ага  ылайык, 2020-жылдын 15-мартына жана 2021-жылдын 15-июнуна чейин Россия Федерациясынын аймагында болгон жана өзүнүн укуктук статусун мыйзамдаштырбаган  (легалдаштыруу) чет өлкөлүк жарандар, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча аймактык бөлүмдөрүнө миграциялык каттоонун жоктугунун себептерин түшүндүргөн арыз жана каттоодон өтүү өтүнүчү менен кайрыла алат.

Эгер мурда Россияга келген чет өлкөлүк жарандар иш сапардын башка максатын көрсөтсө, учурда арызда жаңы максатын көрсөтүшү мүмкүн, ошону менен Россия Федерациясынын аймагында болуусунун чыныгы максатын көрсөтсө болот (эгер мурда туура эмес көрсөтүп алган болсо).

 Миграциялык каттоого туруу үчүн арыз берип жаткан учурда, сөзсүз түрдө, иш берүүчү менен расмий эмгек же жарандык-укуктук келишими болуусу зарыл.

Мыйзам бузган жарандар талап кылынган айып пулду төлөөсү керек. Буга чейин экиден ашык административдик укук бузуулар катталган, ошондой эле өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган адамдар, өз ыктыяры менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин Россия Федерациясынын аймагынан чыгып кетиши керек.

2020-жылдын 15-мартына чейин кеткен жана Россиянын аймагында болбогон убактылуу жашап турууга уруксат (РВП) же жашап турууга уруксат (ВНЖ) статусуна ээ чет өлкөлүк жарандар 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, өлкөдө болуу мөөнөтүн узарта алышат.

Элчилик ушул берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, КРнын жарандарынан Россия Федерациясынын аймагында өзүнүн жүрүүсүн  мыйзамдаштырууга багытталган бардык жол-жоболорду (эмгек келишимин түзүү, миграциялык каттоо, керек болсо - паспортун алмаштыруу / калыбына келтирүү үчүн документтерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө келип тапшыруу ж.б.) 30-сентябрга чейин аткарууну өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK