Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсесинин алдында №9006 шайлоо участкасы ачылды.

2976

2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентинин кезексиз шайлоо процессине жана Кыргыз Республикасынын референдумдуна катышуу үчүн, ошондой эле Саха Республикасында (Якутия) жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсесинин алдында №9006 Ленин проспекти 58 дареги боюнча шайлоо участкасы ачылды.

Ушул жылдын 29 декабрына чейин Кеңсе тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоодон өтүү үчүн документтерди кабыл алуу жана биометриканы чогултуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, күндө Якутияда жашаган Кыргыз Республикасынын Президентинин кезексиз шайлоо процессине жана референдумдуна  катышуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынa маалымат-түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Кеңсе Кыргыз Республикасынын Якутиядагы жашаган жарандарынан шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну суранат:

1. https://tizme.gov.kg веб-сайтындагы шайлоочулардын алдын-ала тизмесинен өзүңүздү текшерип алыңыз;

2. Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда Кыргыз Республикасынын же Кыргыз Республикасынын Якутск шаарындагы Кеңсесинин белгиленген формадагы арыз менен кайрылыңыз (форма No1);

3. 2020-жылдын 29-декабрына чейин, шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо жана Якутияда шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети бар болсо, анда Кыргыз Республикасынын Якутск шаарындагы Кеңсесинин типтүү арыз (форма №2) менен кайрылыңыз.

Кошумча суроолор болсо вице-консул Ж.Абдыманаповга кайрылса болот. 8926716 06 75, kgyakutsk@mfa.gov.kg, Якутск шаары, Ленин проспекти 58.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK