Санкт-Петербургдагы Элчиликтин канцеляриясынын өкүлдөрү мектеп окуучулары жана студенттер катышкан "Адам укуктары биздин көзүбүз менен" эл аралык видео роликтер сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатына катышышты

2058

Ушул жылдын 17-декабрында, Санкт-Петербургдагы Элчиликтин канцеляриясынын өкүлдөрү мектеп окуучулары жана студенттер катышкан "Адам укуктары биздин көзүбүз менен" эл аралык видео роликтер сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатына катышышты.

"Көтөрүлгөн теманын маанилүүлүгү үчүн" атайын сыйлыгы Бишкек шаарындагы № 33 гимназия мектебинин командасына берилди, алар өз убагында медициналык жардам көрсөтүү көйгөйүн чагылдырышкан, анын натыйжасында адам каза болуп калышы мүмкүн экендигин.
Иш-чаранын онлайн берүүсү Санкт-Петербургдагы "Кайноо чекити" мейкиндигинен орун алды. Сынактын уюштуруучулары, калыстар тобунун мүчөлөрү жана ардактуу коноктор түз эфирде адам укуктары жөнүндө 35 мыкты видеотасманы жарыялап, 80ден ашуун катышуучуну татыктуу жеңиши менен куттукташты.
Ачылыш аземинде Санкт-Петербург шаарындагы Адам укуктары боюнча комиссары Александр Шишлов жана Президенттин алдындагы жарандык коомду жана адам укуктарын өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү Наталья Евдокимова куттуктоо сөзү менен катышуучуларга кайрылышты.
Мелдеш экинчи жолу 2020-жылы өткөрүлдү. Уюштуруучулар Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Беларуссиядан келген балдардан рекорддук сандагы чыгармаларды алышкандыгын билдиришти. Сынакка катышкан жалпы видеотасмалардын саны 1475 материалды түздү. Жалпысынан аларды жаратууга 5000ден ашуун адам катышкан, бул 2019-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.
Уюштуруучулар адам укуктары темасы өзүнүн айланасына ушунча көп адамдарды топтоп, эл аралык кызматташтыкты чыңдаган, айрыкча ушундай оор жылда экендигин түшүнүп, сыймыктанып жатышат.
Экинчи жыл бою сынактын уюштуруучулары катары "Ханзаада П.Г. Олденбургский атындагы Санкт-Петербург Укук Институту", "Санкт-Петербург Мамлекеттик Кино жана Телевизор Институту" жана " СТРАТЕГИЯ Гуманитардык-саясий борбору", "Жаштар адам укуктары үчүн" коомдук кыймылдары сынакты өткөзүп жатышат.
Сынактын расмий сайты: https://konkurs30prav.ru

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK