2021-жылдын 29-январындагы пресс-релиз

2616

28 январда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Москвадагы кыргыз коомдук бирикмелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду даярдоо, ошондой эле өткөрүү боюнча биргелешкен иштердин жыйынтыгы чыгарылып, тийиштүү аймакта жана беш участкалык шайлоо комиссиясынын ичинде тартипти камсыздоого жигердүү катышкан участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана ыктыярчыларга грамоталар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Кыргызстандыктарга консулдук кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү, көп санда берилген суроолор, анын ичинде Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын эрежелери жана жаңы киргизилген тартиптери тууралуу суроолор боюнча жоопторду жарандарга жеткиликтүү кылуу менен байланышкан маселелер каралып, талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK