2021 – жылдын 3 – мартында Москва шаарында КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Саматтын АК «ЭЧЖК» Башкы дирекциясынын өкүлдөрү Ирина Яремко жана Людмила Русинова менен жолугушуусу болду.

2237

Жолугушуунун жүрүшүндө, ЭЧЖКдагы №4 «Кыргызстан» павильонунда реставрациялык оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алынды. 

Элчи Г.-К.Самат павильонду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экономикалык өнөктөштүктүн жаңы формасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөрүн, ошондой эле кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастары  менен тааныштыруу аркылуу улуттар аралык мамилени бекемдөөгө жана КРнын оң имиджин түзүүгө кызмат кыларын белгиледи.

         Мындан сырткары, жолугушуунун алкагында павильонго баруу, оңдоп-түзөө иштери менен таанышуу, ошондой эле имараттарды карап чыгуу ишке ашырылды.

         Маалымат үчүн:Москва шаарындагы ЭЧЖКдагы  №4 «Кыргызстан» павильону федералдык маанидеги маданий мурас болуп эсептелген объект, 1954-жылы курулган, жалпы аянты 599,8 кв.м. түзөт. 2021-жылдын 3-мартындагы абал боюнча оңдоп-түзөө иштери 92% пайызды түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK